Сен барда баары кулпурат
Гүлдөрда сага умтулат
Аларга сезилесиң бакыттай.
Сен менен дүйнө жылмайат
Теребел тегиз нурданат
Табият дагы сага ашыктай.
Мага окшоп ал да сага ашыктай.
Ээ, жароокер уялынкым
Жан биргем ынаагымсың
Жылт эткен жылдыздай, көрсөм деп эңсеткен,
Жүрөктү эң назик арзууда терметкен
Сен менин кубулжууган ырларымсың
Сен мага кубат берген жыргалымсың.
Өзүңдү көрсөм кубанам
Кубанбай кантип тура алам
Мен күткөн асыл адам сен болсоң.
Эргүүгө чындап толмокмун
Мен эң бактылуу болмокмун
Эгерде өзүң мага тең болсоң
Түбөлүк өмүр жарым сен болсоң.
Ак шоолам, Алтынайым
Мен кантип жашырайын
Бүркөлгөн кабакты жаркыган жаз кылган
Бүтпөгөн махабат дастанын жаздырган
Нур чачкан жан дүйнөмө асыл айым
Шоолаңды өмүрүмө чачылайын