Билинбестен мезгилдердин сынагы,
Билбейм качан, кайсы жолдон сурады.
Жетип келип, колдон алды байкатпай,
Алыкулдун ак боз атчан курагы.
Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш,
Кечээ гана турдум эле тосуп жаз.
Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка,
Алыкулдун ак боз минген отуз жаш.
Өмүр, чиркин, суудай экен агылган,
Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган.
Алды кызык, арты өкүнүч сезилип,
Жаштык күндөр жазда калып сагынган.
Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да,
Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда.
Канча жашоо буюрганын ким билет,
Калгым келет жашыл жаздын айлында.
Жаштыгымды омуроолоп качырып,
Туягынан даңкандары чачылып.
Алыстарга ала качат ак боз ат,
Отуз жаштын тоолорунан ашырып.
Кечээ эле тиги кырда жок элең,
Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?