Сөзү обону: Гулжигит Кубанычбек уулу
Аткаруучу: Гулжигит Кубанычбек уулу
Бир гүл көрдүм махабаттын багынан.
Бирде күлүп бирде кайгы жамынган.
Жарк дей түштү көзүм түшүп өзүнө.
Көзүндөгү көз жаштары жалындап.
Ошондогу таанышкан күн эсимде.
Сүйүү жандап калган экен сезимге.
Кимде айып, кимден өттү каталык.
Колум сунуп боло албадык биз бирге.
Кайырма:
Кетсең кетчи эми сени сүйбөймүн сүйбөймүн.
Күйүп жанып эми отко күйбөймүн күйбөймүн.
Жүрөктөгү сага болгон сезимди.
Сезимди
Өчүрдүнда эми сени сүйбөймүн
Жандап күлүп, азыр жоксуң жанымда.
Кетиптирсин, жалган сүйүү багына.
Бакытынды башкалардан таптыңбы.
Жалгыз таштап, менден узап алыста.
Кетсең мейли кеткин артка кайтпагын.
Мезгил узап бир күн айтпа арманың.
Азыркыдай ашыга албайм өзүнө.
Ал кездерде сага бөлөк башкамын.
Сүйүү арманы тексти
Датасы: 17.01.2022 Көрүүлөр: 1527
Соонун
Жакшы кылып чыгаргылачы чыкпай ататко