Кабарымды күндө сурап баргандан,
Карыкты го карегиңер талгандан.
А мен болсо силерге окшоп жем ташып,
Чымчык болдум өз уямды айланган.
Кайырма:
Андагыдай мойнуңарга артылбай,
Арманым көп ичте жүргөн айтылбай.
Амандыгың күндө тилейм кудайдан,
Атакебай, апакебай, алтындар.
Ат бердиңер алыс жолго минерге,
Тон бердиңер үшүгөндө киерге.
Суу бердиңер чөлдө калса ичсин деп,
Мен эч нерсе бералбадым силерге.
Кайырма:
Мээримине бөлөп келди көзүңөр,
Мен таянар, медер тутар, өтүнөөр.
Мелт- калт кылып сактап турган өзүмдү,
Мекеним да, Меккем дагы өзүңөр.
Токтобек Асаналиев — Атам жана апама тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 2291