Аскасы асман тиреген,
Шумкарлар булут жиреген.
Мээримиң күндөй төгүлгөн,
Мекеним, ай, сенсиң бир энем.
Кайырма:
Бузулбай мекен, чегибиз,
Бурулбай тили, тегибиз.
Байлык, бул көркөм дүйнөнү,
Бар болсун, ай, кыргыз элибиз.
Абалтан калган жерибиз,
Агылып байлык, кенибиз.
Өксүбөй ушул мекенден,
Өркүндөп-өссүн элибиз.
Кайырма:
Көркөмгө гүлү соолбосун,
Көз арткан душман оңбосун.
Жаркытып элдин жашоосун,
Жараткан, Кудай колдосун.
Кайырма:
Токтобек Асаналиев — Бар болсун кыргыз элим тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 1516