Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыска арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Кайырма:
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Кайырма:
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башын,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздосоң кантип түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Токтобек Асаналиев — Боогачың сенин болоюн тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 24792
Ката тапкан жокмун..Ал эми Токомо ийгилик каалайм
Алыстан арзып ээ мен келдим