Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.
Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө карай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.
Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сүртүп кеттиң, сыйпап кеттиң жүрөгүмө.
Токтобүбү Черикчиева — Сүйүүңдү сүртүп кеттиң тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 8628
Док ката
Док
Ото уккулуктуу аткарылган
Азыркы ырчылар илгерки ырчыларга жетпейт…
Сонун ыр эжеке да сонун ырдайт