Эң башында кандай элек бактылуу
Ойдогудай кыйын экен бак куруу
Жаркыраган күндөй элес сүйүүбуз
Бат кеч кирип батчу беле бактыбыз
Кайырма:
Акталбаган үмүтүм
Акмалаймын күнү -түн
Мени таштап учакка
Кеттиң эле ким үчүн
Бакыт үйү үмүт менен куралган
Талкаланды азыр мени чыгарбай
Сен деп жалгыз өтчүдөймүн дүйнөдөн
Сен экөөбүз жөнүндө бул чыгарма
Тажабадым сени гана күтүүдөн
Абалым оор сезимдерим үшүгөн
Сен деп гана жашап калдым азыр мен
Мен ушуну чын сүйүү деп түшүнөм
Топчу Оторбаев — Күтүү кайрыктары тексти
Датасы: 10.08.2022 Көрүүлөр: 690