Жүрөгү дитин берип самаганды,
Теңебейм тирүүлүктө сага жанды.
Болсо да кыялымдан чагылдырам,
Теңдешсиз сүйүүдөгү даражамды.
Кайырма:
Сен азыр жемиш багы мөмөсү бар,
Сен азыр Ак-куу болдуң жөжөсү бар.
Сен азыр капкалуу шаар мен кире албас,
Сен азыр тамырлаган укмуш жылың .
Коболгон тоскоол күчөп багымдары,
Көз жеткен кетериңе жалынбадым.
Туш болуп аз өмүрдөн зор бакытка,
От болуп татаал жолдон жалындадым.
Кайырма:
Түгөлбай Казаков — Сен азыр тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 1117