Төгүлөт жамгыр, жамгыр көчөдө жаз,
Негедир мен жамгырды жакшы көрөм.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас,
Негедир сени эстесем жашый берем.
Кайырма:
Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас.,
Негедир сени эстесем жашый берем.
Негедир сени эстесем жашай берем,
Өрүктөр түгөл гүлүн ачкан кезде.
Озүмчө өткөндү эстеп убайым жейм,
Абасы жаз жыттанган таңда, кечте.
Кайырма:
Жазымдай жакшы көргөн жароокерим,
Алыста, азыр сезбейт жаздын демин.
Буулугам тар бөлмөдө сыртты карап,
А сыртта жыйырманчы жазым менин.
Кайырма:
Эң сонун шедевр ырлар .Керемет обондор. Жаштыкты жазды эстеткен сөзүда обонуда төп келишкен улуу чыгарма. Казаковдун жаш кездеги ырдаганы экен. Аябай сонун ырдаптыр.