Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың беле,
Салдың беле кандай тузак?
Жазылдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып, жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуткун деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес
Сонун аткаруу.таланттуу жигит Улан.
Азаматсың улан мыкты аткарган
Отто сонун аткару болуптур молодец улан
Соонун
Соонун
Суппер
Сонун музыка, сонун ыр…
Мыкты аткарыптыр