Алдың бекен арзып жазган катымды?
Сездиң бекен жүрөктөгү дартымды?
Кубанычтуу кабар күтүп өзүңдөн,
Бир күндө миң кайталаймын атыңды.
Бир уксам деп жылаажындай үнүңдү,
Билдирбестен акмалаймын үйүңдү.
Үн жок, сөз жок сен тараптан, а бирок,
Оо, жароокер түтөтөсүң жүлүндү.
Жолуң тоссом жолобостон качасың,
Ак жүзүңдү аягансып катасың.
Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым,
Чын сырыңды деги качан ачасың?
Мейли эми кат жазбагын, ашыгым,
Уяласың калп айтуудан ачыгын.
Анда, жаным, жолукканда жолдордо,
Жылмайып кой башкалардан жашыруун.
Венера Назаралиева — Арзуу тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 453