Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,

Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан,

Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап.
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап,
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Ынак Осмоналиев — Аппак кар тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 13647
Аппак кар караоке болсо жакшы болот эле
Жакшы ыр экен
Ооба
Ката деле жок болгону караокесин
чыгарса жакшы болот эле
Сонун