Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган.
Ала-Тоо кыргыз жергеси,
Артыкко сайган саймадан.
Кайырма:
Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак, достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!
Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрам жалпыга.
Кулагын тосот Ала-Тоо
Ырдаган дыйкан малчыга.
Кайырма.
Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын.
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.
Кайырма.
Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!
Мага дагы жакты бирок бизге дагы муну жаштагыла деди капа болбогула
бирок бул жерде бир ката бар экенда фестиваль майрам жалпыга деген туура эмескен наркы ырдап жаткандар башкача айтып атат а бул жакта жазылганы башкача болуп ататта
Ии ошондой экен
Сонун экен ыр мен кечке кайталап жаттым
Жаман экен
Фестибал орусча жазылып калыптыр
Фестивалды кыргызча жазса болбойт беле?
Фестиваль деген ката
Док
Эн солнце ыр экен мага аябай жакты
Сонун деген созум солнце болуп кетип калыптыр
Что это!
ЭлТР псня
Мага бул ыр абдан жакты