Гүлдөрдүн терип түркүнүн,
Күлкүнү күлдүк бир ширин,
Кагылып бара жаткансыйт,
Ирмеген сайын кирпигиң.
Сүйөмүн, жаным, дегенсиң, ай,
Суу бойлоп жүрсөк, сүйкүмүм.
Аралап арча-шиберди,
Алганбыз колго сиренди,
Калбады беле ошондо,
Канталап ооздун бир эрди.
Отурдук кайың түбүндө, ай,
Оорго окшош өскөн гүл өңдүү.
Кайкашып жерге учтары,
Арчага арча ыктады.
Жанаша өскөн арчадай,
Жалдырап турдук биз дагы.
Жайлоонун калды таңында, ай,
Жаштыктын жалгыз ууртамы.
Жайнагүл Калчаева — Жаштыктын жалгыз ууртамы тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 402
Эң соонун