Суктанганмын сиздин карегиңизге
Жүрөк сырын билгин сезимиңизге
Болсо дагы кичине менде жашаңыз
Ошентсе да сиз деп кайрылдым сизге
Жүрөктө жашайсыз жүрөгүмдө
Сиз кемеде жалгыз сүйүү көлүндө
Өмүрүмдө гүл болуп көңүлүмдө
Орун алдыңыз го жүрөгүмдө
Мен бир күнү барам дарегиңизге
Сүйүү аралына баралы бирге
Сапташ керек чынында тунук сезимди
Бир болууга тагдыр жазылса бизге