«Жакшылык жолдо калбайт, асыл таш жерде калбайт»
Бир заманда бир жесир аялдын эки жаш селки кызы болуптур. Улуусу өз кызы, ал эми кичинеси өгөй кызы экен. Кичинекей кызы жагымдуу жана мүнөзү жумшак кыз болуптур. Аны баары жакшы көрчү экен. А бирок өгөй энеси аны эмнегедир жек көрчү. Чону болсо, орой, текебер кыз экен.
Бир күнү жесир аялдын кичинекей кызы булак башында суу толтуруп отурса жанына карыган аял келип:
— Кутмандуу таңын менен кичинекей кыз! Мага бираз суу берип коё аласынбы? — деп суранат.
— Албетте чон апа,- деп кичинекей кыз суу алып берет экен.
Чындыгында ал аял карыган аял эмес эле пери болчу. Ал пери кылган жакшылыгына ыраазы болуп:
— Эми кылган жакшылыгын үчүн мен сага бир жакшы нерсени белек кылайын. Мындан ары сен жакшы сөз сүйлөгөн сайын оозундан баалуу таш чыгат, — дейт.
Кичинекей кыз бул белекке кубанып үйүнө кайтат. Келээри менен болгонун болгондой өгөй апасына айтып берет. Айтып жаткан учурда оозунан ушундай бермет таштар төгүлөт дейсин… Жесир аял буга аябай тан калат. Дароо улуу кызын булакка жөнөтөт. Ал барып отурса эч ким келбейт. Бир маалда гана жаш аял келип суу сурайт. Кыз ага суу бербей коет.
Жесир аял кызы үйгө келгенде булакта кандай окуя болгондугун сурайт. Кызы баягыдай эле кыжырданып:
— Эмне болмок эле, бир жаш аял келип менден суу сурады. Мен да бербей койдум,- дегенде эле оозунан кара таштар чыга баштайт экен, жесир аял аябай ачуусу келип кичуу кызына:
— Баары сенин кылганын,- деп аны сабап кирет. Анан кичинекей кызды үйдөн кууп чыгат. Кыз ыйлап токой аралап баратса астынан бир ханзаада жолугат. Ал ханзаада дароо эле бул татынакай кызды көрүп, анын сулуулугуна шык болуп калат. Кыздын колун сурап, анан ак сарайга ээрчитип келип, дароо эле той кылып, жубайлыкка алат экен. Ошентип бул экөө аябай бактылуу жашап калышыптыр.