Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген куурап калган даракта,
Өмүр бою кантип оокат кыласың?
Кайырма:
Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым?
Канча жолу акыл айттым, укпадың.
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып учпадың.
Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?
Кайырма:
Сага барчу тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.