Ичирдим, кийинттим кастарлап,
Үйрөттүм, чоңойттум кас-кастап.
Үйлөдүм, үй бөлдүм, эми уулум,
Бизди кой, өзүңдү өзүң бак.
Жашыңдан сүйүүгө берилбе,
Көйрөңдөй, көңдөйдөй сезилбе.
Дүнүйөң жок болсо, жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордо, түздөрдө,
Бактылуу боло көр чоң жолдо.
Атанын, эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.
Жеңишбек Айтиев — Ата сөзү тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 7403
өтө соонун, тарбиялык мааниси өтө бийик ыр