Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду ары улап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып эриндер,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачып өмүрлөр.
Жолдубай Кайыпов — Кел, бийлейли, ырдайлы… тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 10218
Сонун ыр эккен
Аябай соонун
Сонун ыр экен
Ооба
Соонун ыр экен вапше зор
Сонун ыр экен
Аябай сонун ыр
Оа мага дакиы. Катасы жок экен менимче
Оа жакты
Хуйня экен