Жаным, жаным, жаным,
Жанымда болсоң да.
Сагынамын сени тагдыр кошпой койсо да.
Эки жүрөк, а бирок эки жакта болсо да.
Сагынып ашыгат, көрүүгө шашылат,
Билсек да жолубуз кайчылаш.
Эзилип барабыз бул махабат жолубуздан.
Бир боло албай биз кайтабыз оюбуздан.
Күнөөлүү эмес эч бир жан, кеч кезигип жолду бузган.
Кантейин, ардагым, тагдырдын жазганын, түшүнүп сүйгөнүм ыйлаба.
Кантейин, ардагым, тагдырдын жазганын, түшүнгүн ыйлаба!
Карап, карап, карап,
Үмүтүмдү үзбөймүн.
Мен өзүңдү билсең, көздөрүңдөн издеймин.
Сүйүү сезим беребиз, жашай берсечи дейбиз.
Кантебиз ардагым, турмуштун жазганын түшүнүп, жан эркем, ыйлаймын.
Эзилип жан дүйнөм көрүшпөсөк кыйналабыз.
Биз бир боло албай сагынышып ыргалабыз.
Көз менен сүйлөшүп, сыр билгизбей кызганабыз.
Кантемин, ардагым, тагдырдын жазганын түшүнүп, жан эркем, ыйлаба.
Ыйлаба!
60’K тобу — Жаным тексти
Датасы: 06.09.2020 Көрүүлөр: 236