Тоңуп бараткандай бүт аалам,
Толуп кетип көөнүм ызадан.
Бир тууганым, кеттим мен алыс,
Тоодон бүгүн кубат, күч алам.
Бир тууганым, кеттим мен алыс,
Ала-Тоодон бүгүн кубат, күч алам.
Шыңгыраган ырдай булагың,
Шылдырына тосуп кулагым.
Уят болуп сүйгөн сулууга
Жүрөгүмдү сыйрып турамын.
Уят болуп сүйгөн сулууга,
Жалгыз жүрөгүмдү сыйрып турамын.
Таазим кылам тоолор сүрүңө,
Тагдыр мекен кылган күндө.
Тоолор мени көтөргүлөчү,
Чокулардын бийиктигине.
Тоолор мени көтөргүлөчү,
Ак кар чокулардын бийиктигине.