Асманда жалгыз айга, сыр айтамын мен кайра-кайра,
Жолукту сырдуу жигит, сырдуу жигит садагам менин.
Жылдызы жамалым, жалындайт сезимим сага,
Табылкыс махабат, бакытыма.
Кайырма:
Карагат көзүңдү,
Караймын өзүңдү сырдуу жигит.
Бал ширин сөзүмдү, арнайын өзүңө,
Сырдуу жигит жаным, садагам.
Балкыган Ысык-Көлгө кайрыламын мен кайра-кайра,
Кабылып мен сүйүүгө кантем эми жаным, жалгызым.
Сүйкүмдүү айдай жүзүм, сүрдөнүп келем дайым өзүңдөн,
Ардагым, асылым таалайым ай.
Кайырма:
Аида Кулуева — Сырдуу жигит тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 346