Бүркөлбөсө асманың жамгыр болобу
Үзүлбөсө сабактан гүлдөр соолуйбу
Кычыраган кыш күнү аяз болбосо
Өзөндөгү шар аккан суулар тоңобу
Кайырма:
Жашай бергин басылбай
Бакытыңды качырбай
Бирде таттуу бирде ачуу
Турмуш деген ушундай
Капа болбо жөн эле
Жаман сөздөргө
Көрүнбөй жүр көп эле
Суук көздөргө
Бүгүн турсак кайгырып
Эртен кубанып
Көтөрөлү көңүлдү досум чөгөрдө
Оору жандын кадырын оору жан билет
Түн артынан күлмүңдөп кайра күн келет
Калтырбайлы көңүлдү
Ушул жашоодо
Канча калды убакыт
Канча калды жашообуз
Достор ким билет
Жашай бергин басылбай
Бакытыңды качырбай
Бирде шекер бирде туз
Жашоо өзү ушундай
Айбек Раимбаев — Турмуш деген ушундай тексти
Датасы: 13.05.2022 Көрүүлөр: 962