Күндөрүм өтөт туңгуюк менен,
Ишенип качандыр бир жолугарыма.
Күмөн санабай, сен да мен сымал,
Ишенип жүргөндүрсүң табышарыңа.
Күтөмүн сени,
Сен да күт мени.
Кайырма:
Бирок бизди табыштыра албайт,
Эч бир тагдыр.
Күнөөлөбө мени,
Күнөө менде эмес.
Экөөбүздү тааныштырган күндөн,
Көп өтпөй ажыраштык,
Күнөөлөбө мени.
Тагдырдын жазган мыйзамы экен,
Айла жоктон көнөмүн бардыгына мен.
А балким, Кудай боору ооруп бизге,
Табыштырып коёбу деп үмүттөнөм.
Сүйөмүн сени,
Сүйөсүңбү мени?
Кайырма:
Айдин Шер — Күнөөлөбө тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 430