Айтчы, секет, сендей асыл, сендей асыл жалжалды
Ай периси апак төрөп, апак төрөп салганбы?
Же жаңылыш жылдыздын бир, жылдыздын бир сыныгы
Жымың эте жерге түшүп, жерге түшүп калганбы?
Айтчы, секет, сендей назик, сендей назик кептерди
Ким төрөгөн, гүл жыпарын, гүл жыпарын сепкенби?
Же кокустан күндүн жалгыз, күндүн жалгыз тамчысы
Күлпүң эте жерге, жерге түшүп калганбы?
Чолпон сүрдөйт сулуулугун өчүрүп
Андан ашкан Чолпон бардай, Чолпон бардай сезилет.
Сымбатыңды сыдыргыга, сыдыргыга тарткандай
Сезимиме жазып алдым, жазып алдым көчүрүп.
Айпери Кулбаева — Айтчы, секет… тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 275