Сен мага кимсиң
Асылым сүйгөнүмсүң
Жалынып жалбарат күйгөнүмсүң
Мен сага киммин
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан
Сен мага кимсиң
Айымсың толуп турган
Булаксың атып чыккан оргуштаган
Мен сага киммин
Жаныңа күйөрүңмүн
Чаңкасаң бал кымызың
Жан бирге түгөйүңмүн
Сен мага кимсиң
Бүтпөгөн ырларымсың
Айталбай сактап жүргөн сырларымсың
Мен сага киммин
Булбулуң таңшып турган
Күнгө окшоп жан дүйнөмдө
Күн-түнү жанып турган
Айпери Кулбаева — Сен менин түгөйүмсүң тексти
Датасы: 08.03.2023 Көрүүлөр: 21775