Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде,
Жалгызырап сүзөт көлдүн бетинде.
Күз келгенде бөтөн куштар топтолду,
Үйрү менен жылуу жакка кетүүгө.
Кайырма:
Аянычтуу аппак куунун калганы,
Айсыз түндө азап күүсүн чалганы.
Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го,
Ак куулардын, ак куулардын арманы
Кыш келгенче кайра учуп кетерде,
Жабыркабай өз тобуна жетерде,
Ким ойлоптур сулууларды өмүрдөн
Жалгыз, жалгыз өтөр деп.
Кайырма:
Айжамал Кабылова — Ак куулардын арманы тексти
Датасы: 17.09.2020 Көрүүлөр: 6211
Суйомго Айжамал эжени аябай сонун ырдайт
Сүйөмго болуп жазылат
Суйомго Айжамал эжени аябай сонун ырдайт