Досум мага таарынды,
Канатымды кайрыды.
Эт жүрөгүм эзгилеп, ай,
Неге мынча сагынтты?
Жандаш жүргөн дос элек,
Жарты нанды бөлчү элек.
Экөөбүзгө эмне болду?
Бир болобуз дечү элек.
Кан досуңа таарынба,
Жаңы доско жагынба.
Кандаш досуң күйүп-жанат,
Барыңда да, жогуңда.
Түн болбосо ай болбойт,
Суу болбосо көл болбойт.
Адамзаты ушундай да,
Дос болбосо эл болбойт.
Акбар Сүйүнбаев — Дос тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 391