Кылыктарын бул кандай
Эркелейсиң ар кандай
Кыялдарың шоктонот
Жактырганың туйгандай
Жүрөм мен да кызганбай
Ай башкаларды сызгандай
Келчи дагы эркелеп
Түн уйкумду бузгандай
Кайырма:
Ай ай келчи жаным эркеле
Эркелеп бийлеп берчи
Сагындым мен жөн эле
Бир нерсе сүйлөп берчи
Куса кылып сен мени
Кыйнаба жүрөгүмдү
Тагдыр берген мендеги
Бактым дейм бир өзүңдү
Чокту салып жүрөкө
Жалындап сезимимди сен
Кыялымда бийлейсиң
Түшкө күндө кирбейсиң
Эркелейсин алыста
Жолукканда сүрдөйсүң
Тартынасың жанымда
Ай каректериң барында
Эркелечи ар качан
Махабаттын таңында