Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем.
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер.
Балким, сенин жытың гана издегем.
Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калсам, жытың татсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.
Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар.
Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.
Алтынай Нарбаева — Арзуу жыты тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 3369