Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип,
Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.
Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,
Акылыңдан адашасың бир күндө.
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.
Эмне болуп кетер экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.

Алтынай Нарбаева — Кызган мени тексти: 2 комментарий

  1. Алтынайдын ар бири ыры мини-спектакль, драма. Биздин кундордун зор таланты, зор ырчысы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *