Назаары түшүп көңүлдүн
Назданып мага көрүндүң
Жанымда жүрсөң жылмайып
Жарыгы сенсиң өмүрдүн
Азапка салып сезимди
Айталбай жүрүп сөзүңду
Ашыктык отун жандырып
Арзуудан тапкам өзүңдү
Жылмайып күлө карашың
Жылдыздай көктө жанасың
Көңүлүм жалгыз өзүңдө
Көкөлөп учсам канатым
Ай нурун жүзгө тагынып
Алыста жүрсөк сагынып
Тагдырды кошту ыр дүйнө
Тамыры турсун жайылып
Амантур Имашов, Анара Саякбаева — Кош сезим тексти
Датасы: 09.04.2023 Көрүүлөр: 61642