1-бөлүм

Күз мезгилинин акыркы күндөрү. Быйыл жылдагындан күз жылуу болду. Айымкан апа бир жумадан бери тышка чыгала элек болчу. Акыркы күндөрү денеси жер тартып, эч нерсеге дарманы жок. Таң атпай эрте ойгонуп алган. Үйдүн ичи аябай муздап калыптыр. Отун да жок, тезек да жок. Акырын басып тышка чыкты. Кыштын ызгары билине баштаптыр. Денеси дүрт этип чыйрыгып алды. Короодон чырпыктарды термелеп, бир илеген тезек алып келди. Отту тамызып, жалбылдаган жалынды карап, ойго бөлөндү. 

Ал бул үйдүн босогосун туура 55 жыл мурун аттап кириптир. Бул убакыт көз ачып жумгандай эле зырп этип өтүп кетти. Келгенден бери ушул мешти өзү жагат. Меш анын сырдашы да курбусу да эле. Үшүсө жылытат, ичиндеги арманын кээде сыртынан кээде ичинен айтып берет. Меш аны түшүнөт, унчукпайт бирок түшүнөт. Жеңилдеп калат. 

Баары кетти, ушул гана меш калды Айымканды таштабай. От жалындап күйүп, үйдүн ичи заматта мелмилдеп чыкты. Үстүнө койгон чайнек дагы шуулдап ысый баштады. Үйгө жан кирди, аны менен кошо анын да көңүлү көтөрүлө түштү. Ал текчеде турган фотоальбомду алып келип, чай кайнагыча сүрөт көрөт. Бир күн калтырбай күндө көрөт. 

Көрүп атып жашы тамчылап ыйлай берет. Бирок бул ый жүрөктөн эмес көздөн эле тамган тамчылар. 

Бир убакта бул үй батыраган базар эле. Сүймөнкул экөө Каракол шаарынан таанышышкан. Экөө тең студент. Акча тартыш, сабактан кийин баардык студенттердей эле ар кайсы жумуштан иштеп акча табышчу. Айымкан бир ашканада идиш жууп иштечү. Бир күнү эле бир мотурайган, бою узун, арык чырай уялчаак бала келип жумуш издеп жүргөнүн айтты. Ашканада жалаң эле кыздар иштечи эле. Аны көрүп баардык кыздар каткырып жиберишти. Тиги бала уялганынан сыртка качып чыгаарда ашканын ээси токтотуп калды. Ашканын ээси күйөөсү каза болуп калган уйгур эже эле. Ашканада эркектин жумуштарына аны да жумушка алды. Кыздарга да жакшы болду, аны эрмектешип, шылдындашып, тамашалашат. Бала болсо үн катпайт. Унчукпай жумуштарын жасай берет. Айымкан аны биринчи көргөндө эле ичинде бир жылуу сезим болгон. Ал сезим күн өткөн сайын күч ала баштады. Аны көргөн сайын көңүлү көтөрүлөт. Аны менен сүйлөшкүсү келет, жанында болгусу келе берет. Башка кыздар жанына барып койсо, ичи ачышат, бирок сыр билгизбейт. Көрсө ал биринчи махабат экен. Таза сезимдер экен. Ошентип жүрүп экөө тил табышып кетет. Ал сүрөтчүнүн окуусунда окуйт экен. Бир үйдүн кенже баласы экен. Айлар өтүп жылдар өтүп тез эле окууну аяктоо жылы да келди. Экөө бири-бирин ушунчалык катуу сүйгөндүктөн жай менен үйлонүшмөй болушту. 

2-бөлүм

Айымкан апанын ойун терезени тыкылдаткан адам бузуп койду. Тарсылдаган үндөн селт этип чочуп да кетти. Ал уйчу Асанбай эле. Ал анда санда уйларын талаага жайып коюп апанын колунан чай ичип кетчү эле. Адамга зыяны жок, өзү 40 дан өтүп калса дагы бала кыял киши. Бою жапалдаш, сары киши. Айылдын бадасын кайтарып жан багат. Аялы да жок, балдары да жок. Алары эмне болгонун эч ким деле билбейт. Айылдын четинде эски бир тамы бар ошондо баш корголоп күн өткөзөт.  Анын келгенин Айымкан апа да жакшы көрчү. Болжурап айылдагы анча мынча жаңылыктарды айтып берет. 

Апа кандайсыз, ден соолугунуз жакшыбы?

— Жакшы балам, кире кой.

— Уйларды талаага айдап коюп, үшүп кетип сизге келдим -деди колун мештин үстүнө кактап. — Иий апа ушул мешиниз аябай сонун да. Жанында отура бергин келет. 

— Отура гой балам. Жылынып ал. Күн ачык болгону менен эртели кеч суук болуп калды. Кел отур чай ичели — деп апа акырын үстөлдүн үстүнө бир нерселерди коюмуш болду. Чайнегин сыртын көө басып кирдеп кеткен. Чыныларынын ичи саргайып чайдын даты синип кеткен сыяктуу. Столдогу фотоальбомду кайра ордуна коюп койду. Аны эч кимге көргөзгүсү келчи эмес.

— Уйларды калың кар жаагыча кайтарам анан талаага чыкпай калышат. Быйыл элде чөп тартыш, кургакчылык болбодубу апа.  Апа деген сөз ага кандай жагат. Жүрөгү эзиле түшөт. 

— Айылда эмне жаңылык балам? Дең соолук начар тышка чыкпай, кулак мурун кескендей эле отурам ушул тамдын ичинде. 

Асанбай айылдагы болгон жаңылыктарды айтып отуруп чай ичишти. Тиги кызын күйөөгө узатты, булар келин алды, беркилер аш берди деген эле жанылыктар. Күз мезгилинде той-аштын маалы. Эл ошо менен алек. Азыр илгеркидей эмес, той бериш өтө кыйын, эмне деген чыгым кетет. Ысырапчылык, анан элдер тойго чакырык келсе бери карап күлүп, ары карап маанайы түшөт, анткени кошумча алып барыш керек. Тойдон эл деле тажап баратат сыяктуу. Баягы эле тойкана, баягы эле оюн зоок. Канкылдаган музыка. Жаштарга макул, ырдап бийлеп денесин жазып алышат. Жашы өтүп калгандарга азап эле. Же эл менен сүйлөшө албайсын, же бапылдатып тамак жей албайсын. Жыгачка каккан мык сыяктуу отурасын да келесин. Айымкан апа тойго деле көптөн бери бара элек, баргысы да келбейт, эл деле чакырбай калган, ал барбайт деп.

Асанбайга короодогу оор түлүк жумуштарын жасатып алат: үйгө алюмин бочкага суу ташып  берет. Талаадан тезек, чырпык тере келип берет. Куураган бактарды кыйып отун кылып берет. Анысына рахмат. 

Ал кетери менен менен апа кайра ойго батат. Алимасын ойлойт. Алима, Айымкан апанын кызы, апанын жалгыз калган жакын адамы. Ал азыр Бишкекте турат. Бир жылдан бери келе элек. Акыркы жолу өткөн жайда келип 2-3 күн конуп алып эле шашып ушуп кеткен. Апа ага таарынбайт, жаштардын иши көп, башкача көз карашы, өзүнүн үй-бүлөсү, бакыты бар. Анын жашоосуна кийлигишкиси келбейт. Ошондуктан кызына көп чалбайт, бирок кызын күн сайын ойлойт, сүйлөшкүсу келет. Күндүз чалайын деп жумушуна тоскол болом го деп тартынат. Кечинде үй-оокат кылып жатат го, бала-чакасына тамак берип жатат го деп чала албайт. Ошонтип күндөр өтө берет. 

Кызы да чалбайт, күнүмдүк жан-талашкан заман аны соруп алган. Ал жерден чыга албайт. Апасын эстебей калган күндөрү көп боло баштады. Болгону айына апасына бираз акча салат. Аны айылдын почтольону апасына жеткисип берет. Ал акчаны конверттен чыгарып ар дайым жыттайт. Аткени ал акчаларда кызынын жыты бардай сезилчү. 

3-бөлүм

— Алима менин кышкы жылуу курткам кайда? — деди Каныбек күнкүлдөп аялына ачуусу келип.

— Кайсы курткаң? Ой кийе берчи алдыкы кара куртканды эле, сени ким карап атты эле — деди Салима күйөөсүнө кайаша айтып.

Акыркы кезде экөөнүн мамилеси сууп бараткан. Эмнеге экенин түшүнбөйт. Баары жакшы: балдары чоноюп жатышат, элиткадан 3-бөлмөлүү батири бар, алдыларында айдаган жаңы маркадагы машинасы бар.

Экөөнүн үйлөнгөнүнө 20 жылга жакындап калды. Каныбек Алимадан 4 жаш улуу. Алима аны чын жүрөгү мен сүйгөн эмес. Ал башкача адам менен турмуш курам деп кыялданчу. Ал өзүнүн өмүрлүк жарын узун бойлуу, кең далылуу, кайраттуу болот деп элестетчү. Андай адам кезикпеди, ошентип Каныбеке макул болуп экөө баш кошкон.

Каныбек боорукер, жөнөкөй, кичи пейил кишинин көңүлүн оорутпаган адам. Орто бойлуу, арык чырай, ак жумал келген жылдыздуу жигит. Ал врач болуп иштейт. Акчаны жакшы табат. Эки жерде иштейт, жеке клиникада жана шаардык больницада. Эртең менен эрте кетип, кечинде кеч келет. Анткен менен жумушу оор, акча оңой табылчу беле.

Убакыт учкан куш, мына эми минтип орто жашка келишти. Ал күнү алар Нарынга тойго барышмак. 15 декабрь болчу. Каныбектин агасы эң улуу баласына  келин алып жатабыз деп, жеңеси бир ай мурун айткан.  Укканда эле Алиманын маанайы түшүп, Каныбектин кыжырына тийе баштаган. Негизи эле Алиманын кайын журтуна баргысы келчи эмес. Барганда кеткиче жашчу эле. Каныбек болсо толкунданып, баргысы келип, эмне алып барсак, 2-3 күн эрте барып жардамдашалы деп өзүнчө эле кудундап жүргөн.

Баары ошол курткадан башталды. Каныбек Алимага көптөн бери ичинен нааразы болуп жүргөн.  Үйгө келсе ысык тамак жок, жумушу жөнүндө сурабайт, балдарына деле чын дилинен көңүл бурбайт. Сотка деген балакет болду, ошону менен эле өзүнчө жыргап отура берет. Инстаграмдан ар кайсы бок сактарды көрөт, турецский сериалдарды көрөт. Курсагы ачса тамак заказ кылат. Дем алыш күндөрү болсо “подружкалары” менен бутиктерди кыдырышат. Эстери оогондо кафеге кирип тамак ичип алып келе беришет. Каныбек өзүн жалгыз болуп калгандай сезет. Улуу кызы 19 жашта, чоноюп өзү менен өзү. Борбордо бир жогорку окуу жайында окуйт.  Кичүүсу уул, 6 жашта, эртеден кечке бала бакчада.

— Кийимдерди онуурак эле даярдап койсон болмок да — деп аялына атырылды.
— Ой даяр эле турбайбы, кий тигине илинип турат — деп аялы да катуу жооп берди. Ошентип урушуп отурушуп жолго чыгышты. Жолдон да уруш токтогон жок. Ого бетер күч алды. Экөөнүн тен ичинде катып жүрүшкөн майда таарынычтар чон минага айланып жарылып атты. Артында отурган кичинекей бала алайып экөөнү карайт. Кичинекей бала атасын мындай ачууланганын көрө элек болчу. Байкуш балада эмне күүнө, ата энесин эмне кыйкырышып аткандарын түшүнбөйт. Эки чон адам болсо баланын бар экенин деле унутуп калышты.

— Макул эми токтотолу, тойго баратабыз, жакшы маанай менен барып кайра келгенден кийин уланталы сөзүбүздү- деп Каныбек бир нерсени сезгендей үнүн акырындатып сүйлөдү.
— Маанайды түшүргөн ким сенби же менби! — деп Алима анкылдады.

Каныбек ачуусу менен машинаны катуу айдап баратканы сезилген жок. Бир маалда чукул бурулуштан, машинаны башкара албай калды. Машина болгон ылдамдык менен барып жолдон чыгып, тереке урулду.  Каныбек отурган жак урулду. Кыйкырык, чаңырык эле болуп калды. Машинан “подушкасы” туш тараптап ачылып, ичиндеги адамдарды  кысып калды. Алима тытмалап подушканы жарып тышка чыкты. Биринчи эле артындагы баласын ойлоду. Эшикти ачып бакырып ыйлаган баласын подушкадан сууруп чыкты. Аны арыраак алып барып кайра машинага келсе, адамдар үймөлөктөшүп машинанын Каныбек отурган жагын ача албай атышкан экен. Каныбек болсо тыптынч отурат, жакшылап терезедене караса озу мурдунан кан кетип аткан экен.  Аны карап Алима кыйкырып жиберди. — Каныбек чык машинадан!!!. Каныбек уккан жок. Ызы чуу болуп жатып Каныбекти чыгарышты, чыгарып аткандардын бирөө айтып калды, аа болбой калыптыр деп. Алима бакырып, жер чапчып калды.

Ошентип бир минуттун ичинде Алима Каныбектен айрылып калды.

Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр. 3

4-бөлүм

Айымкан апа үйдө жалгыз. Жалгыздыка деле көнүп калган. Акырын туруп эски советский холодильнигин ачты. Холодильнигинде сливочный май, банкада жарымынан алчанын вареньясы, кружкада сүт, бираз кечээкиден калган курулган картошка бар экен. Ошондой адаты бар, ачып карап кайра жаап коет. Тамак ашты айылдык таксистерден ардырып алат.

Чак түш болуп калган. Ушул маалда күн тийип турса, тышка чыгат. Бүгүн да күн чайыттай ачык.

Булардын үйү укмуштудай кооз жерде эле. Терезеден Ысык-Көл көрүнөт, ар жагында Ала-Тоонун чокулары. Апа акырын басып тышка чыкты. Аба кандай сонун, тазалыгы таноолорду аралайт. Кеч күздүн боектору көздү кубантат. Ысык-Көл тыптынч, асмандай көпкөк. Суунун тунуктугун айтпа.

Бул кезде көл жээкте адам деле болбойт. Уйлар келип бир маал суу ичишет. Жээгинде анда санда ак чардактар айланып учуп жүрөт. Алар апаны жакшы көрүшөт, айланып жанына келип конушат. Аларга бираз нан ала барып берип коет. Нанды талашып жешет.

Сүймөнкул экөө жай мезгилинде үйлөнүшкөн. Ал күндү эч качан унутпайт. Карыган кезде эмнегедир мурун жаш кезде болгон окуялар эстен кетпей калат экен. Ал эми кечээ жакында болгон нерселер эсинен чыгып кетет.

Сүймөнкул экөө үйлөнөрүн эч кимге деле айтышкан эмес. Сүймөнкул бул үйдө энеси экөө эле турушчу. Атасы кичинекей кезинде эле каза болуп калыптыр. Эсинде жада калса элеси жок эле.

Бир күн мурун айылга эки досун жиберет. Алар келип энеси айтып, энеси айылдагы туугандарга айтып даярдык көрүшөт. Даярдык болгондо эмне, достору бир кой союшат, женелери боорсок жасайт.

Ошентип Сүймөнкул менен Айымканды такси менен Караколдон айылга алып келди. Ачуу басар болот, нике той болот, нике кыйылат. Баардыгы эл катары болот. Ошентип Айымкан бул үйгө келин болуп кирип калат.

Той болот, тойдун эртеси да болот. Экөө бактылуу жашап башташат. Бул жер Айымканга аябай жагат. Кайненеси алтын адам болчу. Жашы ортодон өтүп калса да аябай шамдагай болчу. Айымканга кол кабыш кылып жардам берчи эле.

Жай мезгили аябай тез өтүп кетти. Бирок ошол жай Айымкандын өмүрүндөгү эң бактылуу мезгил экен. Экөөнүн сүйүүсү ушунчалык күч алып, алоолонуп от менен жалын болуп турган мезгили.

Сүймөнкулдун эски жыгач кайыгы бар эле, кеч киргенде Айымканды каяка салып алып айдын жарыгы менен экөө түндүн бир оокумуна чейин жүрө беришчү. Келечек жөнүндө сүйлөшүшөт, кыялданышат.
Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр. 4

  • Айымкан, алтыным мен сени кандай бактылуу кылам? Айтчы мага? — деп Сүймөнкул келинчегине жалоруп карайт.
  • Мен бактылуумун сүйгөнүм. — деп Айымкан назданып карайт.
  • Мен сени өмүр бою сүйүп өтөм. Дүйнөдөгү эң бактылуу айым сен болосуң. Жаратканым сени мага белек кылып берди.
  • Сүймөн, айды карасаң фонардай болуп бизге жанып турат. Көл болсо бешик сымал бизди эркелетип терметет. Баардыгы экөөбүздүн сүйүүбүздү колдоп тургандай. Мага ырдап берчи жаным — деп эрине эркелейт. Сүймонкул сүрөт гана тартпастан укмуштудай жагымдуу үн менен ырдайт экен. Аны үйлөнгөндөн кийин билди Айымкан. Ал ырдаганда айлана чөйрө тыптынч болуп баардык жандыктар уккандай сезилчү.

Сүймөнкулдун апасы аларды терезеден көрүп алып өзүнчө ичи жылыйт. Бул келин менен бул үйгө береке кирди, нур кирди деп сүйүнөт. Баласынын бакытын көрүп алып эне өзүнчө ырахаттанат.

Сүймөнкул такыр башка адам экен. Билбеген адамга ал уялчаак, көп сүйлөбөгөн тартынчаак бала көрүнөт. Бирок ал такыр башка адам экен. Айрыкча айылга келгенде ал өзүн суудагы балыктай сезет экен. Тамашөкөй, шайдоот, иштемчил, элпек.

Жайдын чилдесинде көл жээке көп эс алуучулар келишет. Күн батып бараткан кезде тез эле жээк бошоп калат. Ошол кезде эки жаш көлгө барып түшөт эле. Ысык-көл экөөнө гана таандыктай сезилчү. Аларды эркелетип кучагына алат. Экөөнүн махабатына күбө болот. Жээкте кубалашып ойношот, Айымкандын каткырыгы көлдү жаныртат. Эхх кандай сонун күндөр өттү. Ошону адам убагында сезбейт окшойт.

Күндүз экөө талаа жумуштарын жасашат. Ат араба менен сазга барып чөп чаап келишет. Токойдон отун жыйнашат. Жумуш көп, түгөнбөйт, бирок Сүймөнкул менен иштеген аябай жакчу ага. Тамашалап күлдүрөт, кучактап эркелетип коет. Сүймөнкул келинчегин дайыма жанына алып алчу. Ал дагы каршы болбой кете берет. Энеси ай балам өзүн эле барбайсынбы, эл көрсө эмне дейт деп күбүрөнөт, аны баласы тыншап да койбойт. Талаадан келе калып экөөлөп үй оокатын жасай салышат. Энеси үчөө отуруп алышып кечки тамакты ичишет. Экөө энесине күн кандай өткөнүн айтып беришет. Келечетеги пландарын айтышат. Кыскасы бактылуу өмүр сүрүшөт.

 

5-бөлүм

— Ало — деп, Алима үнүн араң эле чыгарды.

— Саламатсызбы! Сиздин аты жөнүңүз Алима Айтпаевабы?

— Оба — деди Алима, көңүлү жок..

— Биз банктан чалып атабыз. Сиздер эки айдан бери кредитинерди төлөй элексиздер. Эгер эмки айда төлөбөсөңөр, биз залогту алып коюуга аргасыз болобуз — деди линиянын ар жак жагындагы кыз.

Алима делдиреп эле катып калды.
— Аа макул, төлөйбүз, төлөйбүз -деп өзүнө келе түштү.

Каныбектин каза болгонуна 2 ай болду. Бирок ушу күнгө чейин өзүнө келе элек. Кайдан келет, 20 жыл бир төшөктү бөлүшүп жаткан эң жакын адамыңан айрылып жатсаң. Өзүн жемелеп, ичинен сыздап келет. Күйөөсүнүн өлүмө өзүн күнөөлөйт. Аны кичинекей уулунан башка эч ким билбейт. Баардыгы кырсык болду деп Алимага көңүл айтышат. Эгер уруш болбосо, күйөөсүн ачуулантпаса, мындай болмок эмес. Эки ай бою уктаган жок. Ошол каргашалуу күндү күнүнө бир нече жолу оюнда кайра өткөзөт.

Баласы да санаа кыла баштады. Ошондон бери түнт болуп, сүйлөбөй жатат. Алайып эле апасын карайт. Улуу кызы өзү менен өзү. Окуусуна барып, курдаштары менен кезигип ал кайгыдан тезирээк чыгып кеткендей.

Машинасы авария болгондон бери гаинин стоянкасында турат. Аны барып көрөйүн деген көзү жок.

Эми минтип какаганга муштаган болуп банктан суук кабар айтышты. Кредиттери бар экенин эми эстеди. Батир алганда жарымын кредитке алышкан. Аны жолдошу ай сайын төлөп койчу. Аны менен иши да жок болчу.

Эртеси банкка барып тактады. Ай сайып төлөй турган сумманы укканда эсин жоготуп коё таштады.

Үйгө келип Каныбектин туугандарына чалды. Айылда турган карапайым элде кайдан анча акча. Болгону улуу абасы бир уйумду сатып берейин деди. Ал эмнеге жетет.

Ошентип кыйын ахбалда калды. Айла жок батирин сатууга койду. Бир айдын ичинде сатыш керек болуп калды. Акыры базар баасынан арзан кылып үйүн сатып кредитин жапты.

Калган акчасына батир издеп таппай койду. Айла жок шаардын өйдөнкү жагынан батирге чыгышты. Советтер союзунда салынган эски 3 кабаттуу үй экен. Аны да араң тапты. Батир экинчи кабатта экен. Подъездери караңгы, батир да эски ремонту менен экен. Залда эски диван, стол, 2 стулу менен бар экен. Кичинекей балкону бар. Кухняда эски стол 2 стулу менен, эски газ плитасы бар экен.

Бирок жылуу экен. Алимага ошонусу жакты, анын үстүнө издеп журүп чарчады. Кошуна батирден үндөр угулуп турат экен. Балдары үрпөйүп маанайлары жок. Үчөө диванга унчукпай кучакташып далайга жатышты. Улуу кызы да чоңоюптур, ойлоп көрсө минтип балдарын кучактап көптөн бери отура элек экен.

Бир маалда уулу.
— Апа атам качан келет айылдан — деди.

Алиманын жүрөгү мыжылып кетти, ичи ачышып, көзүнөн жаш кетти.
— Билбейм балам — деп кыска жооп берип баласынын чекесинен өөп койду.
— Апа атамды сен машинадан урушуп ошол үчүн келбей атат ээ — деди баласы.

Оо Кудайым ай, эмне үчүн бизге мындай сыноону бердиң. Колдо бар алтындын баркы жок деген чын тура. Каныбекти сүйөрүн, ал жок жашоо оор экенин эми кана билди. Бирок кеч болуп калды. Эмне кылыш керек. Айла жок балдарын багыш керек, ошолор үчүн жашаш керек.

— Ой жүргүлө чай ичеличи, кечке эле жата беребизби — деди кызы тынчтыкты бузуп.

Чын эле баарынын курсагы ачыптыр. Алима балдарына май токоч жасай салды. Жыт чыгарып, соткадан карап куран окумуш болу.

Мына ушинтип Алиманын жашоосу түп тамырынан бери өзгөрдү.

 

6-бөлүм

Айымкан менен Сүймөнкулдун үйлөнгөнүнө көз ачып жумгуча 10 жыл болуп кетти.. Жаңы үйлөнгөндөгү оттой жанган сүйүүлөрү сууй баштаган кези. Ал кезде экөө бир уулду, бир кыздуу болушкан. Сүймөнкул мектепке мугалим болуп кирген. Анын айлыгы менен эл катары тиричилик кылышат. Айымкан болсо үй-оокат, бала-чака, мал сал менен үйдө.

Бир күнү эле Сүймөнкул шашып — ушуп аңтаңдап кирип келди.

— Ай байбиче, сүйүнчү! — деп босогону аттай электе эле кыйкырат.

— Ии болсун, болсун! Эмне болуп кетти деги, айтчы тезирээк.

— Мени Фрунзеге (азыркы Бишкек) сүрөтчүлөрдүн көргөзмөзүнө чакырышты — деп дароо ток этер жерин айта салды. Бул жаңылык Аймканга эмнегедир жаккан жок. Жүрөгү Фрунзе дегенде шуу дей түшүп. Жада калса ичи ачышып кетти. Анысын билгизбегенге аракет кылды, бирок Сүймонкул аны байкап калды. 

-Ии эмне болду сага? Жакпай калдыбы? Мен бул чакырыкты өмүр бою күтүп жүргөм алтыным. Бул бизге башка жашоого эшик болот. Эгер сүрөттөрүм аларга жагып калса, сатсам болот, жаңы заказдар түшөт, акча кенен болуп калат. Эл катары машина алабыз, сага балдарга сонун кийим кече алып берем — деп өзүнчө эле кыялданат.

— Ой билбейм, эмнегедир жибергим келбей жатат жаным. Ушунча жыл выставкасы жок эле сонун эле оокатыбыз өтүп жатпады беле — деди Айымкан айнытканга аракет кылып.

— Жоок Айымкан, мени Кыргыз эли жада калса бүткүл Орто Азия, Казахстан тааныйт. — деп Сүймөнкул жадырайт.

— Макул эми, макул. Качан экен? — деди Айымкан анын айныбай турарын көрүп.

— Бир жумадан кийин буюрса — деди.

— Анда кийим кеченди даярдайлы. Кийгенге эч нерсен жок, ал борбор да. Анын үстүнө Казак, Өзбек туугандар да келип жатса — деди маанайы жок.

— Экөөбүз тен барабыз, сени да даярдаш керек — деди Сүймөнкул. Ал чынында эле Айымканы жок эч жака барчу эмес. Жаш кезинен көнүп калган.

— Апеей сен кызыксың, мага эмне бар, же сүрөтчү болбосом. Балдарды, малды, апамды кимге таштайсын? Апам да ооруп калыптыр.

Ошентип кыштын чилдесинде Сүймөнкул сүрөттөрүн чогултуп алып, Караколдун вокзалынан Фрунзени көздөй жөнөп кетти. Икарус автобусуна отурду. Биринчи жолу мындай сонун автобуска отурушу. Жолдон айнек жагына отуруп, талааны, көлдү карап алып кыялданып баратат. Бирок Айымканы жанында жок, өзүн бираз ыңгайсыз сезип жатты. Ары бери карагыча эле Балыкчы шаарынына кирип барышты. Вокзалга жарым саат токтоп, шопур эл менен кошо буфеттен чай ичип алышты.

Фрунзеге күүгүм кирип калганда жетишти. Чакыруу баракчасында жаңы салынган “Кыргызстан” мейманкасына келүүсүн өтүнүшкөн. Такси кармап тез эле мейманканага жетип алды. Бул мейманкана 1971 жылы эле салынган. Эми ичи жөн эле укмуш, жалтырайт. Кирип оозундагы администрация деген жерине барып, аты-жөнүн айтып номеринин ачкычын алды. Ар жак бер жагын карап козү тойбойт. 

Кечки тамакты мейманканын ашканасынан беришти. Столдордо фамилиялары жазылуу экен. Ошону менен тез эле таап алды. Бир столдо төрттөн киши экен. Бирок ал жалгыз отуруп калды. Тез эле тамактанып алып номерине кетти. Ал түну жакшы уктай албай койду. Баары башкача, жада калса жаздыктары ушунчалык жумшак, аппакай. Ага да көнүш керек экен.
Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр. 5
Эртеси көргөзмө да башталды. Ар бир сүрөтчүгө өзүнчө бурч даярдалыптыр. Сүймөнкул сүрөттөрүн акырында чыгарып, эки жагын элендеп карап кое баштады. Жайгаштырып коюп өзү да башка чыгармаларыды көрүп кыдырып кетти. Эл аябай көбөйө баштады. Кээ бир сүрөтчүлөр сүрөттөрүн сата башташты. Бири бири менен таанышып жатышты. Бирок Сүймөнкул эмнегедир өзүн эркин сезбей, толкунданып, тартынып, кысынып жүрдү. Башкалардын сүрөттөрүн көрүп келгенден кийин, өзүнүн сүрөттөрү жупунудай көрүнүп калды.

 

Сүймөнкулдун сүрөттөрү көпчүлүгү жаратылыш болчу: Ысык-Көл, Ала-Тоо, айылдагы пейзажтар. өзүнүн сүрөттөрүн кайра карап ойлонуп отурган. Бир маалда ары жактан Сүймөнкулду көздөй бир жаш аял келе жатканын байкап калды. Ал алыстан эле өзгөчөлөнүп көрүндү. Чачтары белине чейин бир өрүм кылып өруп алган, көздөрү бакыракай, кийгени чоң чоң гулдөрү бар узун көйнөк. Ийнинде асынган кичинекей сумкасы бар экен. Жанында коштоп жүргөн эч ким көрүнбөйт. Анын басканы эле бир башкача көрүндү Сүймөнкулга, шашпай ар бир сүрөткө көңүл буруп бирок аны көздөй келе жатты. Ал эмнегедир сүрдөй баштады. Сүрөттөрүн таштап салып качып кетсемби деген да ой келди. Бирок антип ойлонгуча эле, тигил бейтааныш аял жанына келип калды. Буркураган кымбат баалуу французский духинин жагымдуу жыты Сүймөнкулду ого бетер делдиретип койду. Бул айым Алматыдан келген белгилүү коллекционер эле. Аны көпчүлүк сүрөтчүлөр аны тааныйт экен.

— Сәлеметсіз бе аға! — деди тигил аял жагымдуу жумшак үнү менен.

— Саламатчылык — деди ал шашуп ушуп. Казактын кызы экенин дароо билди.

— Мен сіздің сүреттериңизди көрсем болома? -деп жылмайып койду.

— Албетте болот -деп Сүймөнкул шашкалактап сүрөттөрүн оңдомуш болду. Сулуу аялдын көздөрү сүрөттөрдө. Тигинин көздөрү анда. өмүрүндө мынчалык сулуу аялды көргөн эмес. өзүн жоготуп койду.

— Суреттеріңіз туралы айтып беріңізші -деди тиги аял дагы сүрөттөрдү карап. Сүймөнкул анын эмне дегенин укпай да калды.

— Агатай, суреттеріңіз туралы айтып беріңізші — деди кайра кайталап.

— Аа, сүрөтторбү. Сүрөттөр, аябай жакшы — деди эмнеден баштайырын билбей. Бул Ысык-Көл, бул болсо биздин Ала-Тоо. Бул менин айылым — деп ар бир сүрөттү айтып бере баштады.

— Бағасы қанша? -деп тигил аял Сүймөнкулдун сөзүн бөлду.

— Баасыбы? Баасы, кайсыл сүрөттүн баасы? — деди ал эмне дейирин билбейм. Чыны айтса ал баасын деле билчү эмес

— Барлыгы — деди айым анын көзүнө тике карап. Сүймөнкул анын көз карашынан жүрөгү дүкүлдөп кетти.

— Жүз, баасы 100 рубль -деди ал озуна келген бааны айтып. Ал айына мектептен 50 рубль майана алчу.

— қанша сурет болса, сонша сатып аламын — деди ал жайбаракат.

— Аа, макул, азыр деп Сүймөнкул шашкалактап сүрөттөрүн чогулта баштады. Баш аягы 10 сүрөт болду. Тигил аял сумкасынан 1000 рубль санап берди.

— Маған таксиге дейин көмектесіңізші — деди.

Суймонкул сүрөттөрүн которуп барып таксиге салып берди. Кетерде ал аял ага визиткасын карматтып — Тағы да суреттер болса бул телефонго хабарласыңыздар — деди да таксиге отурган бойдон зыр коюп кетти. Сүймөнкул болсо жалдырап далайга турду.

7-бөлүм

Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр. 6Алима баласын бала бакчага берип, өзү швейный цехке жумушка кирген. Жаңы батирге акырындан көнүп калышты. Жумуштан аябай чарчайт, балдарынын курсагын тойгузат да кулайт. Ошентип турмуш өтү берди. Тапканы өздөрүнүн тамак-ашынан, коммунальныдык кызматтардан ашпайт.

Өлбөгөн жанга жаз да келейт дегендей, кыш да аяктап, жаз келип калды. Бир күнү баласын бакчадан алганы барса, тарбиячы келин, сизде сөз бар эле деп коридордо күтүп турган экен.

 

-Саламатсызбы, сиз Аманболдун мамасыз ээ?

-Ооба, мамасымын, тынчылыкпы — деп Алима сестене түштү.

-Ии оба, кабатыр болбоңуз. Баары жакшы. Бирок сиздин баланыз, башка балдардан айырмаланып жатканы мени тынчсыздандырып жатат. Башка балдар менен ойнобойт, такыр күлбөйт, анан көпчүлүгүн эле терезени карап отура берет. Ошону сизге маалымдап коеюн дедим. Балким врачтарга же психологторго көргөзүп көрөсүзбү — деди. Алима эмне дейирин билбей, кыска эле:

-Аа рахмат. Ошентейин — деп баласын ээрчитип чыгып кетти.

Үйүнө жеткиче капа болуп барды. Жалгыз бойдуку ушундайда жаман экен. Же кенешерге жолдошун жок.

Эртеси жумушунун суранып баласын доктурларга алып барууну чечти. Кайсы врачка, кимге барарын билбей, биринчи поликлиникага барышты. Ал жерден дежурный врач Алиманын айткандарын угуп, баланы бир сыйра көрүп, неврапотологко направление берди. Бир сааттай очередке туруп атып акыры неврапотологко кирди:

-Саламатсызбы!

-Келиниз, ии угуп жатам — деди жашы 30 дай чамасындагы жаш врач бала

Алима эмнеде баштайрын билбей: -Эме, мен, тиги баламды алып келдим эле.

-Ии, баланыз эмне болду? Алима баарын айтып берди. Врач бала көнүл коюп угуп туруп анан, бала менен сүйлөшкөнгө аракет кылып көрдү, бала жооп берген жок.

-Бул көрүнүш качан башталды? — деди врачка кайрадан Алимага карап.

-Кичинекейинен эле өзүнчө ойногонду жакшы көрчү. Анан атасы менен жакшы ойночу. Мен, мен -деп Алима ыйлап жиберди.

-Атасы каза болгондон кийин такыр сүйлөбөй калды — деди жашын сүртүп, терезени карап турган баласын карап.

-Мен албетте, жаңылышым мүнкүн бирок Аутизм оорусуна окшоп жатат. Ал кичинекей кезинде эле байкалмак, бирок сиздер байкаган эмессинер. Анан акыркы кайгылуу окуялар баланын оорусун ого бетер күчөтүп жиберген. Эгер мүнкүнчүлүнөр болсо Европага же Турцияга алып барып изилдетип анан дарыланып келсениздер жакшы болот. — деди врач. Толугу менен жакшы болуп кетпейт бирок коомдо өзүн алып жүргөнгө, маанайын көтөрүп бул жашоого кызыктырууга аракеттер болот. Бизде тилеке каршы андай борборлор жок.

-Канча каражат керек? — деди Алима.

-Болжол менен бир ай жүрүшүнөр керек болот. Турцияга барсанар 10000$ кетет, Германия же Италияга барсанар 20000$ керек болот — деди.

-Аа рахмат консультациянызга — деп баласын жетелеп алып чыгып кетишти.

Турция, 10000$, аутизм — ушул үч сөздү эле эстеп калды. Үйгө келип интернеттен аутизм жөнүндө окуп көрдү. Эч нерсе мээсине кирген жок. Диванга барып чалкасынан түшүп ойлоно баштады. Баягы батирди саткан акчасынан 8000$ ашкан, аны банкка депозитке салып койгон. Эми ошол акчаны алып Турцияга барып келүүнү чечти.

Турцияга бир компания аркылуу бармай болду. Баардык документтерин даярдап, авиабилет сатып алууга, клиника табууга көмөктөштү.

Ошентип Турцияга бир жумадан кийин учуп кетишмей болушту.

8-бөлүм

Сүймөнкул үйүнө Бишкектен көрсөтмөнүн эртеси эле кайтып келди. Ички дүйнөсү бир кызык, бир чети сүрөттөрүн баарын сатып пул таап сүйүнсө, бир чети ичи уйгу туйгу болгонсуйт. Жолдо карата тигил казак аял оюнан кетпей койду. Табышмактуу сулуу аял аны сыйкырлап салгандай эле болду. “Аттын жоргосу кызык, суунун тунугу кызык, аялдын сулуусу кызык” дегендей ал сулуу аялга кызыгып эле калды. 

Караколдун вокзалынан түшүп айылына сары автобус менен кетти. Айылына кеч курун жетип калды. Автобустан түшөрү менен эң биринчи эле абанын салкын таза жыты сезилди. Кандай сонун. Бир сыйра айылын тегеренип карап алды. Баары ордунда. Ар кайсы жерде малдын маараганы, иттердин үргөнү угулат. Үйүн көздөй шашылды. Дарбаза ачык экен, дароо эле мал салын караганы сарай жака барды. Ити шыйпаландап бутуна жабышат. Жылкылары кишенеп учурушкан сыяктуу болушту. Бир сыйра короо жайын карап үйгө кирди. Айымкан печкасына тезек калап атыптыр. Эшик ачылганда, жалт карады. Сүйүнүп чуркап барып кучактап алды. Ар жактан балдар чуркап келип аны тартып алышты. Айымкан четте калды. Ушуга чейин куйөөсүнүн биринчи чыгышы эле. Сагынып кеткен. Сүймөнкул балдарын жыттагылап, сагынычын таратып алып аркы бөлмөдө жаткан энесине барды. Энесинин колунан кармап учурашып бетинен сүйүп койду.

—Эне сизге борбордон жоолук алып келдим — деп сумкасын антара баштады.

—Ой балам жөн эле койбосунбу убара болбой. Алдыңа кетейин, аман эсен келгенин олжо бизге.

—Эне муну Ош базарынан алдым. Жапон жоолук экен. Кымбатына карабай алдым энекебай. Кана отруңузчу. Айымкан ме салчы энеме — деп аялына карматты.

—Эй балапандар кана чуркагыла, силерге да белек бар — деп кайрадан сукасын каза баштады. Балдарына оюнчутарын берди. Алар сүйүнгөн бойдон башка бөлмөгө кетишти.

—Ой апа эмне деген сонун жоолук алып келген уулуңуз. Ай муну кантип таптын ия? — деди Айымкан жоолукту апасына салып жатып.

—Ош базарын беш кыдырып атып араңдан зорго таптым. Мындай чон базарды биринчи көрүшүм.

—Ой ий апам жөн эле жапжаш келин болуп калды го — деп Айымкан шынкылдады.

—Рахмат балдарым, өмүрлүү болгула, кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн — деп апасы батасын берди.

Экөө ээрчишкен бойдон чыгып кетишти. Энесинин көзүнчө Айымкандын белегин бере алган жок. өз бөлмосүнө барып анан аялын кучактап мойнуна бир жыттап өөп койду.

—Алтыным эми сага белегинди берейин — деп мында сумкасын эмес, костюмунун чөнтөгүн антара баштады.

—Мага да белек барбы? — деп Айымкан сүйүнүп кетти.

—Албетте бар жаным. Кана кана көзүндү жум. Жум жум жум, ачмай жок! — деп аялынын колуна кыпкызыл бархат кутучаны карматты. -Эми көзүндү ача бер — деди. Айымкан акырын көзүн ачып кутучаны карады. өмурүндө биринчи жолу мындай белек алды. Шашылып кутучаны ачты. Ичинде жалтараган алтын цепочка экен. Сүймөнкул акырын цепочканы аярлап алып Айымкандын мойнуна тагып, мойнунан өөп койду. Айымкан дароо күзгүгө чуркады. Барып көргөн көзүнө ишеле албай турду. Эмне деген керемет.

—Cүймөнкул мунун баарын кайсы акчага алдың? Эң эле кымбат го бул?

—Айымкан сүрөттөрүмдүн баарын саттым. Алматыдан бир кардар баарын алып кетти. — деди ал. Бирок ал кардар сулуу аял экенин айткан жок. Кайрадан ал аял эсине түштү. Эмнегедир аны эстегенде эле маанайы түшүп калат. Аялын бир карап, тигини эстеп, экөөнү салыштырат. Айымкан эмнегедир карып калган сыяктуу, жүдөнкү көрүндү көзүнө.

—Аа сонун болгон тура, -деп Айымкан белегине дагы эле көзү тое элек.

Фрунзеден келгени Сүймөнкул мектептен иштегисе келбей калды. Дароо эле эртеси барып арыз жазып бошонуп кетти. Айымкан менен кенешип да койгон жок. Калган акчасын ага өткөзүп берген. Сүрөт тартысы эле келип калды. Ичиндеги уйгу туйгу сезимдерин кагаз бетине чагылдыркысы келди. Короосунда эски ашкана бар эле, ошол жерди сүрөткана кылып алды. Бир сыйра актап, тазалап кирип алды. Эски меш бар эле аны жагып койсо жыпжылуу болуп калды.

Биринчи эле тигил казак сулуу аялды тартмай болду. Ал Ысык-көлдүн жээгинде басып баратканын тартмай болду.

Айымкан күйөөсүнүн белегине, акчасына ыраазы болду, бирок эмнегедир өзгөрүп келгенин байкады. Баягыдай жаркылдаган Суймонкул жок. Түнт, өзү менен өзү болуп калганын баары эле байкады. Балким чыгармачылык издөөнү болуп атса керек деп көп деле маани берген жок.

Ошентип кышы бою Сүймөнкул 7-8 сүрөт жаратты. Аябай сонун сүрөттөр болду. өзүнө аябай жакты. Баягы таап келген акчасынан жарымынан көбү түгөндү. Башка киреше жок. Балдары да күн өткөн сайын чоноюп жатышты. Акыры баягы аял берген телефон чалып сүрөттөрүн сатып келүүнү чечти. Почтага барып телефон чалып келмей болду.

Эртеси эрте туруп алып Караколго почтага келип, звонок заказ берди.

—Байке бешинчи кабинкага кириниз — деди бираздан кийин эле оператор кыз. Шашып ушуп, толкунданып кирип эле — Ало — деди.

Линиянын ар жагынан баягы тааныш назик үн — Ало- деди. Бул үндү укканда эле жүрөгү бат-баттан согуп, ого бетер апкарый түштү. Бираздан кийин гана үн катканганга жарады. — Саламатсызбы! Бул мен сүрөтчү киши Кыргызстандан- деди эмнеден баштайырын билбей. — Сиз Фрунзеден менин сүрөттөрүмду сатып алдыныз эле. Эстединизби?

—Аа, Саламатсызбы агай (мындан ары казакча жазбай кыргызча эле жазабыз). Албетте эсимде гой. Жакшы жүрөсүзбү?

—Оба жакшы рахмат. Эме, тиги дагы сүрөттөрду тарттым эле — деди

—Аа дурус дурус. Мен азыр Алматыда жумуштарым өтө көп болуп жатыр. Сиз сүрөттөрүнүздү Алматыга алып келбейсизби — деди.

—Алматыга? Аа жок, аяка бара албайм- деп салды ойлонбой туруп.

—Аа каап. Келсениз жакшы болмок — деп тиги аял кейимиш болду. Ал Сүймөнкулдун сүрөттөрүн Алматыга алып барып, жакшынакай рамага салып, үч-төрт эсе кымбат сатып жиберген.

—Макул — мен ойлонуп көрөйүн — деп Суймөнкул аны менен коштошту. Бирок өзү эмнегедир баргысы келди, тигил аялды кайрадан көргүсү келди. Айымканга болсо акча аз калды, Алматыда көргөзмө болот экен. Ошол барып сатып келейин деп түшүндүрмөй болду.

Караколдун вокзалына барып билет да алып салды. Үйүнө келип сүрөттөрүн даярдай баштады. Айымкан кирип калды.

—Буларды эмнеге чогултуп жатасын? — деди

—Мен Алматыга кетип атам, баягы казак кардарга чалсам, ушул жумада чон көргөзмө болот экен. Буларды сатып келейин. Эртен барам, сүрөттөрдү сатам, кайра бүрсүгүнү келе берем — деди кыска эле.

—Андай болсо, мен деле барып келбейминби? Алматыны көргүп келет- деп жалооруп карады Айымкан.

—Жок, сен үйду карап кал. Анын үстүнө билет кымбат, чыгым көп болуп калат. Анан буюрса эмкиде сөзсүз алып абарам — деп чекесинен өөп койду.

Ошентип эртеси Алматыны көздөй жолго чыкты. Караколдон Кеген аркылуу кетишти. Алты сааттын ичинде Алматыга кирип барышты. Алматы Фрунзеден да чон шаар экен. Вокзалдан телефон будкасын таап, тигил аялга чалды.
Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр. 7

—Ало, мен Суймонкул, мен келдим. -деди

—Саламатсызбы? Аа ырас болуптур. Азыр мындай кылыныз, таксиге отуруп Абая 55 десениз алып келет. Мен осуп алам — деди тигил аял шыпылдап.

—Макул — деди да такси издеп жөнөдү. Такси тез эле айткан адреске жеткисип койду. Этаж үй экен, кайда барайын билбей короодогу бир скамейкага отурду. Алматы жапжашыл болуп турган кези экен. Абасы салкын. Бираз отургандан кийин бир подъезден баягы аял чыкты. Адидас деген жазуусу бар спортивный костюм кийип алыптыр. өзүнө сонун жарашыктуу. Жаркылдап жылмайып аны көздөй келатты. Жүрөгү кайра дүкүлдөп сого баштады. Эмне кыларын билбей ордунан турду. Шыпылдап басып келип колун сунуп саламдашты — Кош келениз сүрөтчү мырза! өткөндо сиздин атынызды да сурабай калыптырмын — деди.

—Сүймөнкул менин атып — деди.

—Аа менин атып болсо Аружан.

—Жүрүнүз анда эмесе -деди. Сүймонкул сурот салган чон сумкасын бир ийинине асынып, кичирээк кийим салган сумкасын бир колуна алып ээрчип жөнөдү.  Тогуз этаж үй экен. Лифтке киришти. Баягы тааныш жыты жыттанды. Лифттин 6 деген номерин басып койду. Лифттин ичи аябай тар сезилди. Озү батпай, өзү батса сумкалары батпай. Алтынчы этажга жеткиче тердеп кетти. Лифт токтоп, чыкканда эле сол жактагы 51 квартирага бет алышты. Эшикти ачып, Аружан — — Кириниз деди.

Киргенде эле зангыраган ачык түзтөгү гүлдүү обой чапталган коридор экен. Бутун чечип жатып бир сыйра коридорду карап чыкты. Киргенде эле оң жакта узун күзгу бар экен, андан өзүн көрүп уялып кетти. Сол жагында кийим илгич, андан кийин тактада кызыл телефон турат.

—өтүңүз — деди Аружан, залдын эшигин көргөзүп. Залы да аябай кенен экен. Төр жагында узун диван. Дивандын үстүндө сүрөттөр илинип турат. Алардын арасынан өзу тарткан сүрөттү дароо тааныды. Жалтараган алтындай болгон рамкага салып коюптур. — Отурунуз деп диванды көргөздү.

—Сүрөттөрүңүздү көрмөйүн жаным жай албайт. Тезирээк көргөзүңүз — деди ал.

—Аа азыр  — деди  Сүймөнкул бираз апкарып. Баарын бирден алып чыгып диванга жөлөп тизе баштады.

—Аа ий — деп Аружан четинен көрө баштады. Бул сүрөттөрүнүз мурункулардан да сонун болуптур. — Баарынан бул сүрөт жакты — деди баягы көлдүн жээгинде басып бара жаткан аялдын сүрөтүн көрүп. — Бул ким? Аялынызбы?

—Аа жок — деди Сүймөнкул уялып, бети кызарып да кетти.

Сүрөттөрүн көрүп бүтүп Аружан чайга чакырды. — Журүнүз чай ичели, чай үстундө менин сизге сунушум бар. — деп Аружан кухняны көздөй басты.

—Аа макул.- деп ал артынан ээрчиди. Кухнясына күндүн нуру тийип, жарык жана таза экен. Баардыгы орду ордунда. Ашыкча эч нерсе жок. Столдун үстүндө: жаңгак, бал, мейиз, курага бар экен.

—Келиниз, жогору өтүнүз.

—Ии рахмат — деп стулга отурду.

—Ага сиздин сүрөттөр казак элине аябай жакты. Ал сүрөттордө нака жасалмасы жок турмуш чагылдырылган. Ошонусу менен баалуу. Бүгүнкү сүрөттөрүнүз мурункулардан да дурус болуптур. Менин сизге мындай сунушум бар — деди карандай чай куюп жатып.

—Ии угуп жатам сизди — деди Суймонкул.

—Алматыда калып иштебейсизби, менин баирим 3 бөлмөлүү, сиз бир бөлмөсүнө иштей бересиз. Мен болсо сатып турам. Бирге бизнес кылабыз.- деди ток этер жерин түз айтып. Сүймонкул эмне дейирин билбей делдейип калды.

Уландысы бар… 

Урматтуу окурмандар!  Комментарийге жазып койсонуз чыгарма жакса, эгер көп адамга жакса, уландысын чыгарып турабуз. Ошондой эле фейсбук баракчабызга https://www.facebook.com/KyrgyzAudio жазылып коюңуз! Жаңы бөлүгү чыкканда ошол жерге жарыя кылабыз.  

Апанын арманы. Жаңы чыгарма. 1,2,3,4,5,6,7,8-бөлүмдөр.: 14 комментарий

    1. Саламатсызбы, уландысын жакын арада чыгарабыз. Facebook баракчабызга жазылып коюнуз https://www.facebook.com/KyrgyzAudio
      Ошол жерге 3-бөлүк чыкканда кабарлайбыз. Рахмат!

      Урматтуу окурмандар, комментарийге жазып койсонуз чыгарма жакса, эгер көп адамга жакса, уландысын чыгарып турабуз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *