Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
А .Керимбаевдин Бут ырлары жагат.
Соонун
Кочуралбай койдум
Журокту титиреткен ыр ар бир созу журокту козоп отот Керемет обон
Скриншот кылып ал
Бут ырларын ыйлап угам,мен оскон ырлар
Эн сонуныр
Эн сонун
Жакты
Окей
эзип коюптур, рахмат.
Эзип коюптур, рахмат.
Эзип коюптур, рахмат.
Сонун
Жагат да сонун
Журокту титиреткен ыр ар бир созу журокту козоп отот Керемет обон
Ыйманы саламат болсун ага! Ак булуттардын артынан алыс сапарга кетиниз кудайдын кутту кунундо! Жайы жанатта болсун аксакал
Омор Султанов кереметтерди жараткан
Эң жакшы