Айтчы деги кимде айып?
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип,
Териппиз го гүлдөрүн.
Түнт токойду аралап,
Тыңшап куштун үндөрүн.
Ийип башын булбулдар,
Махабатты чалышты.
Кол булгалап бардыгы,
Узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү,
Бет алдыма кармаймын.
Мүмкүн мени сүйөр деп,
Өзүмдү-өзүм алдаймын.
Антсем дагы канчалык,
Сен башканы сүйөсүң.
Уйку бербей бирок да,
Түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып,
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?