Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун,
Ай, ий, кыздары, ай, эй.
Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл, бир тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө,
Ай, ий, кыздар, ай.
Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Элдин бир жары эркетай,
Ошол элдин, жердин,
Ай, ий, кыздары, ай.
Калкылдап көлдүн үстүндө,
Пароход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Ак куулар чардап жаткандай.
Алтын бир нурдуу, бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай.
Азамат Сарыбаев — Кыздар, ай тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 7830
Толку версия нет
Негизи жакшы эле болуптур бирок ырдап жаткан байке аябай шашып ырдап жибериптир
Ошо
Албетте
Жакшы эле экен бирок ырдап жатакаг байке шашып жибериптир