Балыктар суу ичинде ойнойт экен
Апага таарынганга болбойт экен
Башкалар мээрим төгүп турса дагы
Баары бир өз апаңдай болбойт экен
Булбулдар бак ичинде сайрайт экен
Тууганга таарынганга болбойт экен
Башкалар сени сыйлап турса дагы
Баары бир бир туугандай болбойт экен
Ак куулар суу үстүндө ойнойт экен
Баладай таттуу сезим болбойт экен
Ак сарай базар болуп турса дагы
Жолуңду улаганда өзүңдү сыйлаган да балаң экен
Зыркырап боздой бербес сезимдерим
Сыноого түшүү канча эзилбейин
Сыйласын сыйлабасын башка бирөө
Сыйымды билгендерди сыйлашып жүргөндөрдүн эсиндемин
Кааласын каалабасын башка бирөө
Кадырын билгендердин катташып жүргөндөрдүн эсиндемин
Ушул жакты мага, рахмат.
Абдан жакты,жүрөктөн чыккан ыр саптары ,жүрөккө жеткиликтүү ырдаптыр, азаматсыз