Сен үчүн жазып, сөздөрдү улап,
Ырдаймын мен сага.
Жүрөктө жалгыз сен гана болдуң,
Көңүл жок башкага.
Жылдыздар учса, асмандан улам,
Жагымдуу ой курам,
Ак тилек айтып, Кудайдан сурап,
Сен мендик деп турам.
Кайырма:
Мейли, мейли, сен деп азап тартсам дагы,
Мейли, мейли, махабаттан калсам дагы.
Жашынып сен деп барсамбы?
Эркелеп эргүүң алсамбы?
Издеп барсамбы?
Калсамбы?
Кудайым буйруп, бакытым конуп,
Кумарга толомбу?
Мезгили жетип махабат жаздын,
Мен сендик боломбу?
Эх, тагдыр болбой, оюма койбой
Жете албай каламбы?
Же буйрук дебей, башка жол издей,
Мен сени табамбы?
Кайырма:
Бактыгүл Бадыева — Мейли тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 487