Тоолоруң көк килем жамынган,
Миң түркүн кең-байлык табылган,
Кийиктер өтүүчү кыяга машине жолдору салынган,
Балалык чагымды ойлосом,
Буулугуп ачылбай каламын,
Андыктан тынчымды кетирген ырымды сага арнадым.
Кайырма:
Жалындап жүрөгүм барыңдан,
Жаралгам өзүңдүн каныңдан.
Кабыл ал, туулган жер,
Бир уулуң келатат чеги жок сени сагынган.
Тоолордун ичине уюлуп,
Токойлор — көркөмү жеримдин,
Алмасы, алчасы ийилип,
Ырыскы, байлыгы элимдин.
Өксөлөр жашылдан кийинип,
Жазында жыпар жыт аңкыган.
Көркөмүң жүрөккө бир түйүп,
Уулуңмун өзүңө тартылган.
Кайырма:
Булан — Мекенди сагынуу тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 408