Көрүнгөнсүйт таң чолпону элестеп,
Балбал жанган карагаттай көзүңдөн.
Күткөн ойго сүйгөн селки не дейт деп,
Көптөн бери күдор үзбөйм өзүңдөн.
Жок дегенде арноо кылсаң белек деп,
Бой балкыткан балдан ширин сөзүңдөн.

Ак жүзүңдөн көрүнгөнсүйт күн нуру,
Алда кайдан жалт бурулуп карасаң.
Көп зарлантпай көңүл сүйгөн курбуну,
Сен да сүйүп чын пейилден кааласаң.
Гүл бакчаңдын болсом деймин булбулу,
Кадыр билгим канатыңды тарасаң.

Санай, санай санаа кетип капкайда,
Толгономун узун түндө уктабай
Шашып турам кылайып таң атканда,
Тынчымды алып бирөө кыйнап жаткандай,
Күлүк кыял кээде учат асманга,
Жароокерден жакшы кабар уккандай.

Эгер сүйсөң сыр түйүнүн чечермин,
Сүйбөйм десең амалым жок нетейин.
Сүйүү кымбат, сүйүү кылдат баарыдан
Ар ким билсе сүйүү кандай экенин.
Жарын сүйсө сүйгөн өңдүү мекенин,
Ошону мен чын сүйүү деп сеземин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *