Дуйнө мүлкү дүйнөдө калат…
Илгери-илгери бир заманда бир саран адам жашаптыр. Ал ушунчалык саран болгондуктан бут мал-мүлкүнүн баарын алтынга алмаштырып салат экен.
Алтындарынын баарын бул саран адам бир капка толтура салып дарактын астына көмүп коюптур. Ошентип бул адам кун-түн дебей жалаң эле алтындарын ойлоп, ою он бөлүнүп жашап калыптыр. Ал алтындарын ушунчалык көп ойлогондуктан уйкусу да келбей, алтындары эсине түшкен кезде түнүбү, же күнүбү дароо барып, топуракты казып, калты ачып карачу экен. Кала берсе алтындарынын баарын эсептеп кайра жаап койчу болуптур.
Бул саран адамдын бул кылганын алыстан өтүп бара жаткан бир киши көрүп калат. Ал мындай окуянын күнүгө кайталанганын байкайт.
Бир күнү сараң адам дагы алтындарын караганы келет. Ал демейдегидей жерди казып алтындарын караса алтын дары жок… Алтын салган кабы бош турат!?..
Сараң адам не кылаарын билбей өзүн-өзү аябай тилдеп, ачуулана баштайт. Ары басат, бери басат. Акыры ичи туз куйгандай ачышып, ыйламсырап отуруп калат. Көрсө сарандын алтындарын баягы көргөн адам алып койгон экен. Ал сарандын бул абалын карап туруп аябай боору ооруп кетет да:
Эмне болду сага? Эмне мынча ый лайсын — деп сурайт.
Саран ага:
— Эмне болмок эле, алтындарым жок! Ушул жерге көмүп койгон алтындарым жок! Баарын бирөө уурдап кетиптир! — деп кыйкырат.
Алтындарды алып алган адам бул байкушка жаны ачып:
Алтынынды иштетпеген соң алардын бар болгонунан, же жок болгонунан сага кандай пайда?.. Сен баары бир аны иштетпейт турбайсынбы? — деп басып кетип калган экен.
Салам алейкум бул жомок пиздец көтский экен бирок мага жакты
Жок