Кайырма:
Күндө ката жетпей барат
Көптү каалайт тентек бала
Ар бир кадам эсте калат
Дайым
1-Куплет:
Жүрөгүндө азаттык кыялында сом
Келечекте көрүнөт шоколад жашоо
Баарын алгысы келди келбеди колдон
Баягы эле номер баягы эле телефон
Кыймыл токтободу
Тыйын жок да болду
Күйүп алоолонду
Түнү муздай тонду
Формада формасыз көптөгөн типтерди көрдү
Аз уктап жол басып кандырам деди көнүлдү
Тезирээк, келсин деп, керемет, келечек көрүн
Сезилбейт бийиктик,
Макул оор болот ал тайбас эми аркага жол жок
Сыноолор толо жалгыз эмес Жараткан колдойт
Кайырма:
Күндө ката жетпей барат
Көптү каалайт тентек бала
Ар бир кадам эсте калат
Дайым
2-Куплет:
Жетем дейт көтөрүп колду жылдыздарга
Ишенди бир кун сөзсүз баарын алат
Колун тендеп кыялданат тоону карап
Эми жеңдим деп ойлосо баары алдыда
Үмүтү өчпөй жанат баары бир анын
Күнү түн баратат ашып кырларды
Сүрөтү жылдар өткөн сайын ар тур
Жүрөгүндө кыялдарга орун калды
Жолдун баарын каптады түтүн
Кээде адашуулар, кээде күтүлбөгөндөр күтөт
Тажап бүтүп чуркап, ыйлаган акырында күлөт
Маанисиз нерселер мурда, жакын келет жүрөкө
Акырында ким билет
Ким бош кол ким куш менен
Кечеги күн бүгүн бөлөк
Көп өзгөрүүлөр келет
Не кылба турмуш терең
Жакындарың жан берет
Ар ким акырында көрөт
Азырча жумуш керек
Кайырма:
Күндө ката жетпей барат
Дайым
Күндө ката жетпей барат
Дайым
Күндө ката жетпей барат
Көптү каалайт тентек бала
Ар бир кадам эсте калат
Дайым