ЖОМОК

Жазында келгин куштардын бири Кара чыйырчык кайкып учуп, Таранчы олтурган бутакка конду.
– Сен кайдан келдиң? – деп сурады Кара чыйырчык Таранчыдан.
– Үйдөн, – деди Таранчы.
– Үйүң каерде?
– Уй сарайда.
– Өзүңдүн үйүң жокпу?
– Кышында ошерге кыштайм, күн жылыганда уя салам.
– Кышында суукта кантесиң? – деди Кара чыйырчык таң калып.
– Ошонүчүн уй сарайга кыштап чыгам.

– А мен бул жакта суук башталганда жылуу жакка учуп кетем. Ал жакка кыш түшөрдө бул жакта күн жылыйт, кайра келем.
– Жыл сайын ошентесиңби?
– Ооба. Кыштын, кардын суугуна калбайм.
– Жыргал го анда, – деди Таранчы кызыгып. – Ал жак жакынбы?
– Жакын эмес, алыс, жолдон бороон-чапкынга кабыласың, жамгыр…
– Канча күндө жетесиңер?
– Кээде бир жума, кээде андан көп.
– Ой-ий, ошончо күн кантип тынбай учасыңар? – Таранчы таң калды.
– Жолдон тыныгабыз, өзүбүздүн тыныкчу жерлер бар. Аба ырайына карата кээде бир-эки күнгө өргүп калабыз. Тамактанып, күч жыйнап кайра учабыз. Анан жылуу өлкөгө жетип барабыз.
Таранчы ойлонуп калды. Буларга кошулса кышында үшүбөйт, анан жер көрөт, көп куштар менен таанышып, көп дос күтөт.
– Силер менен кошо мен да барсам болобу? – деп сурады.
– Болот, чогуу барып, кайра чогуу келебиз.
– Кайра адашпай келесиңерби?
– Эмнеге адашмак элек, өзүбүздүн жолубуз бар, ошол жолдон чыкпай учуп келе беребиз,– деди Кара чыйырчык.
– Качан кетесиңер? – деп сурады Таранчы жылуу өлкөгө кошо баргысы келип.
– Буерге кыш келерде, кеч күз болгондо.
– Анда мен да кошо силер менен барайын.
– Ошону айтып жатпаймынбы, тиякка кыш келерде бул жакка келебиз, буерге кыш түшөрдө кайра кетип калабыз. Жылуу, жем да көп, үшүбөйсүң.
Бул Таранчыга жагып калды. Күзүндө чогуу кеткенге макулдашты. Ага чейин Таранчы мышык жетпей тургандай теректин башына уя салды. Ал эми Кара чыйырчыктын уясы даяр, адамдар ага тактайдан жакшынакай үй жасап, ичине саман төшөп даярдап коюшат. Ал ошол даяр уясына кирип кетти. Үйүнө жамгыр кирбейт, аптапта салкын. Адамдар эмне үчүн бизге үй салып бербейт деп ойлоп койду Таранчы.
Ошону менен жазы-жайы Кара чыйырчык менен Таранчы жумуртка басып, балапан чыгарышты. Аларды чоңойтуп, уядан учурушту. Эки кошуна үй-бүлө бири-бирине катташып, жакшы мамиледе болушту. Балапандар чоңоюшканда чогуу ойношуп, бирге сейилдешчү болду.
Күндөрдүн биринде Кара чыйырчык Таранчыга:
– Биз эки жумадан кийин жолго чыгабыз, камынгын, – деди.
Таранчы ал кабарды балдарына айтты. Алар бөлөк өлкөгө барабыз деп сүйүнүштү. Бирок Таранчы бул сапар балдарды көнгөн жерине калтырып, өзү барып келмей болду. Эгерде бардыгы жакшы болсо, эмдиги жылы чогуу барып, кийин Кара чыйырчыктар менен кошо дайыма жер которуп турмай болушту.
Балапандары бул сунушка каршы чыкты, биз да барабыз дешип.
Эне таранчы аларга жолдун алыс экенин, алигиче каруу-күчкө анча толо электигин, эмдиги жылы канаттары жетилип, алыс жакка учканда кыйналбай тургандарын айтып, балдарын ынандырды.
Күн сууп, бак-дарактардын жалбырактары куурап, аба муздап, эрте менен жерди ала-була кыроо басып калды. Кара чыйырчыктар менен кошо Таранчы сапарга камынды.
Бир күнү катуу бороон сокту. Бороондон корголоп, Таранчы уй сарайдын коңулунда жаткан жерден Кара чыйырчык издеп таап:
– Биз баарыбыз жолго камынып, сени күтүп калдык, бол, жүрү, кеттик! – деди.
– Бороон болуп жатпайбы? – деди Таранчы.
– Азыр бороон биз бара турган тарапка согуп жатат. Бороон менен кошо учкан жеңил болот. Канатыбызга күч келбейт, – деди.
Таранчы сыртка чыгып, чыйырчыктарга кошулуп, бороондун багыты менен сапарга чыгышты. Күн бата алар бир чоң дайрадан өтүп, өргүү алышты. Эрте менен таң ата сапарын кайра уламай болушуп, бадалдардын арасына жатып алышты. Таң аткыча басылбаган шамал Таранчыга жаккан жок. Эрте менен сапарга чыгарда Кара чыйырчык:
– Бороон басылбай жакшы болду, дагы бир топ жерге жетип алабыз, – деп сүйүндү. – Кандай, сага жактыбы? – деди Таранчыга.
– Жакшы, – деп койду Таранчы уялганынан. Бороон басылса ал түнү менен кайра артка учуп кетүүнү ойлогон. – Бороон качан басыла турган? – деди.
– Дагы үч күн согот, ага чейин биз чоң деңиздин ары жагына жетип алабыз. Андан ары жакын калат, жол да татаал эмес.
Бороон үч күн басылбай согуп, канаттуулар деңиздин аркы тарабына өтүп, өргүү алышты. А жерде жер айдоо башталып, курт-кумурскалар көп экен. Сапардагы канаттуулар эки күн катары айдоолордон, талаалардан, бак-дарактардан, өсүмдүктөрдөн курт-кумурскаларды терип жеп, кубаттарына келишти, үчүнчү күнү эч нерсе жешпей, тамактарын сиңирип ары-бери куушуп ойношту.
– Биздин алдыбызда дагы бир чоң деңиз бар, аерден тынбай учуп өтүшүбүз керек. Бизге жардам берген шамал болбойт, ар ким өз күчү менен өтөт. Андыктан эки күндөн бери жеген тамактарыбызды сиңирбесек, жемсөөбүз оор болуп, деңизден учуп өтө албай чөгүп кетебиз, – деди.
Ошо менен канаттуулар таң ата кайра сапарга чыгышты. Көгөргөн көк деңиздин үстүнөн көпкө учушту. Кудай жалгап эч кырсыксыз чогуу-чаран өтүп алышты. Ал жерден келгин куштар өткөн жылдары байыр алып жүргөн жайларына тарап кетишти. Таранчыны Кара чыйырчыктын үй-бүлөсү менен чогуу болууга чакырышты. Алардын бул жерде да бактын бийик жерине салынган жыгачтан үйү бар экен.
– Сен биздин үйдө жашай бер, кенен, орун жетиштүү, – деди Кара чыйырчык.
Таранчы андай туюк үйдө жашап көнбөгөндүктөн, бактын бутагына үстү ачык уя салып жашамай болду. Кара чыйырчыктын үй-бүлөсү баарылап жардамдашып, Таранчыга уяны бат эле салып беришти.
Бул чөлкөмдө мээ кайнаткан ысык жок, боздогон бороон, бир тоголок данга кор кылган кар жок, азык-түлүк жетиштүү, бак-шагы көп кооз жер экен. Бирок күн өткөн сайын таранчы балапандарын, үйүн, жерин сагына баштады. Кыштын күнүндөгү уй сарайды сагынды. Кыш мезгилинин эч нерсеге алмашкыс ажайып сулуулугун эстеп куса болду. Анан булар туурасында Кара чыйырчыкка айтып, ички бугун чыгарайын дейт, бирок сагынычы ансайын күчөгөндөн күчөй берди. Ошентип Таранчы кеч күзгө чейин эптеп чыдады. Келгин куштардын кайра кайтабыз дегенин укканда аябай сүйүндү.
Анда да жолулаш соккон бороон менен далай азап-тозоктордон кийин Мекенине жетти. Тааныш тоосун, талаасын, өзөн-суусун, дарактарды, уй сарайын көргөндө ыйлап жиберди.
– Эмнге ыйлап жатасың, кааласаң тиякта кала берсең деле болмок, – деди Кара чыйырчык аны аяп.
– Жок, – деп күлүп жиберди Таранчы, – өз Мекениме жеткениме сүйүнүп ыйлап жибердим. Биз ата-бабабыздан бери өзүбүз туулуп-өскөн Мекенибизди эч качан таштап кетпейбиз. Бизге Мекенибиз кымбат. Кышы-жайы ушердебиз, Мекеним аптапта суусун аябайт, кышкы бороон-чапкында бооруна кысып жылытат.
Аңгыча Таранчынын балапандары, тууган-туушкандары жетип келип, кучакташып, өбүшүп көрүштү. Кара чыйырчык болсо кош айтышып, өз конушуна кетти.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Кара чыйырчык менен таранчы: 4 комментарий

  1. Ассолому аалейкум рахматулоху баракатух кутмандуу кун.Сонун чыгармалар бар экен,издеген чыгарманы тапсам болгудай экен.Аллах ыраазы болсун.
    Ушул чыгармаларды балдарга айтып беруудо суроту менен болгондо, мындан да сонун болот эле.
    Чон ырахмат,ишинерге ийгилик.Аамиин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *