Сүйүүбүздүн бүтүп баяны,
Кездешүүнүн келип аягы,
Эзилишкен эски мүнөттөр,
Эске келет эми баягы.
Кайырма:
Көкүрөктү ээлеп алып тунжуроо,
Өттү мезгил билбейм канчалык.
Жүрөктөрдү эзип бүттү бир суроо,
Биз сүйүүдөн кантип чарчадык.
Мөлтүр суудай тунук шарпылдап,
Өткөн күндөр таза жаркырап.
Чолпон сындуу күйүп маңдайда,
Бет алдыга улам- улам тартылат.
Сүйүүбүздүн бүтүп баяны,
Кездешүүнүн келип аягы.
Текке кетти сүйүү сөздөрү,
А биз болсо дале-дале баягы.
Динара Акулова — Сүйүү баяны тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 583