Айтпа сүйөм дебе
Алдаба сен мени алдаба
Башкага арна жүрөгүңдү
Айтып сүйөрүңдү
Жалган сезимдерим
Жанса да ал өчөт кайра бат
Алданат башка бал сөзүңө
Арзып ал көзүңө
Кайырма:
Сага деген сезим жаным менин
Бил баары бүткөн сен күткөн эй
Сагынбайм эми эстебеймин
Сен да эстебегиң
Арна арзуу ырларын
Мага эмес сен бөлөк жандарга
Ишенбейм мен болду өзүңө
Аруу сен көрүнбө
Сунуп кызыл гүлүн
Сураба сен эми кечирим
Кечирбейм кечир мен өзүңдү
Кейип сен чөмүлбө