Ойнобой жашынмак,
Бойлойлу жашыл бак.
Убакыт учкан куш,
Удургуйт закымдап.
Шам болуп жаналы,
Бал болуп тамалы.
Кош булак өңдөнүп,
Кошулуп агалы.
Кайырма:
Асылсыз акактай,
Тунуксуз булактай.
Түйшүккө салдыңыз,
Түгөнбөс азаптай.
Болбоско терикпей,
Болсоңуз деңиздей.
Эзилет жүрөгүм,
Эсимден сиз кетпей.
Күн санап кезиккен,
Күндөрдү көп эстейм.
Күйүткө салбаңыз,
Күтөмүн күндө мен.
Элиза Орозова — Сизге тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 396