Сезимим чочуй баштады,
Сен кетчү тарап башкабы?
Күбүлүп түшүп жалбырак,
Күтпөйбү жазды баштагы.
Эх, мезгил токто шашпачы,
Эргүүмдү күбүп какпачы.
Таң болуп келген сүйүүмдү,
Чиркин, талкалап салбай сактачы.
Тагдырда бар да айрыма,
Таалайсыз кылып кайрыба.
Жок кылгым келбейт эч качан,
Чиркин, жомоктон мени айрыба.
Дабышын укпай жүрөктүн,
Далайдан бери жүдөпмүн.
Кыйноого салып жанымды,
Чиркин, кыйкырык салып сүрөпмүн.
Көргөндө көзүм ачылды,
Көксөгөн демим басылды.
Жоодурап турган жамалың,
Оо, балкым, жомокко мени чакырды.
Жан дүйнөм балкып кубанды,
Жакшы сөз, балким, угамбы?
Жолуңуз башка деп айтып,
Жүрөктү кылба уранды.
Айласын таппай жанымдын,
Алыска кетсең сагындым.
Ызгаарын көрүп кусанын,
Ысыгын сездим жалындын.
Мейли, назары түшсүн жакшынын,
Нурдансын жаркып жаштыгың.
Тапшырдым көрүп койгун деп,
Оо, балкым, таңына сени Аксынын.
Сен бирок ичтен чыйрал да,
Сүйүүңдү мага ыйгарба.
Сооротуп жашат жөн гана,
Сен мендей болуп кыйналба.
Чок түшкөн өңдүү көсөлөм,
Чочуба баарын көтөрөм.
Батына албайм эч качан,
Оо, чиркин, бар болгон үчүн көшөгөм.
Сен болсо эркин уларсың,
Зоокадан сайрап турарсың.
Башкалар такыр түшүнбөс,
Оо, балкым, боздогон үндү угарсың.
Андайлар көптүр айылыңда,
А бирок үндүү айрым да.
Обдулса дагы жүрөгүң,
Ошондо дагы кайрылба!
Кандай жан болдум мен деги,
Келбе деш оңой нерсеби,
Кысылтып сени өзүмдөй,
Кыйнагым келбейт мен сени.
Сага эчак бакыт кезиккен,
Сен деген жанды эшиткем.
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жектейм кечиккен!
Сени эмес эми ар качан,
Оо, балкым, сүйүүмдү жоктойм кечиккен!
Сок тушкон ондуу косодон болуш керек дейт Бир Курманбек деген акылман