Сөзү : А.Жакыповдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.
Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.
Ушул ырдын автору ким
Алтынай,
Сөзү : А.Жакыповдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку
Самара Каримова
Сонун
Мага Айабай жакта
Мага айабай жакты
Аябай сонун ыр экен. Мага аябай жакты. Барыбыз аман бололу калкым, кыргызстаным
Жакты биз афган согушуна ырдап жатабыз
Солнце экен
Топчубай Кенжебаев автору Кара кулжа Жаны талап.Эстелик.
Топчубай Кенжебаев автору Кара кулжа Жаны талап.Эстелик.