А балким, бүгүн бармын, эртең жокмун,
А балким, бүгүн ачмын, эртең токмун.
Өзүң — мылтык, өмүрүм дүрмөттөлгөн,
Атууга беленденген даяр окмун.
Оюмда кылым басып жашасам дейм,
Ансыз да, оо, өмүрүм, ок сыяктуу.
Тарс этип бир атылсам өзүм жокмун,
Жашоого эч келбеген жан сыяктуу.
Таң калба, сен да мендей пенде жансың,
Бир кезде жок болосуң, азыр барсың.
Пейил күт, мейли өзүңдү айга теңе,
А эртең эрип кетчү жазгы карсың.
Гүлнара Кахарова — Өмүр тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 1056